Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/1.6
Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин инвестиция талап кылган жерлерин жакшыртылган жерлер түрүнө которуу жөнүндө
Орто-Саз айылындагы Шаркырак участкасын жана Орто-Нура айылындагы Кантордун Төшү участкасындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлери жакшыртылып суу чыгарылгандыгына байланыштуу жакшыртылган жерлер түрүнө которууну талап кылат. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Саз айылындагы Шаркырак участкасын жана Орто-Нура айылындагы Кантордун Төшү участкасындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлери айыл өкмөтүнүн жакшыртылган жерлер түрүнө кирип аукционго коюлсун.
2. Тийиштүү документтерине өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |