Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/1.7
Орто-Нура айылынын тургуну Байчериков Советбек Токталиевичтин кайрылуусун кароо жөнүндө
Орто-Нура айылынын тургуну Байчериков Советбек Токталиевичтин Кичи Секи участкасындагы үлүшкө алган жер аянтынын үстүнөн суу түшүп жараксыз абалга келген, буга Нарын райондук МЧС тарабынан корутунду берилген. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылынын тургуну Байчериков Советбек Токталиевичтин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Үлүш жер аянтын башка жерден которуп берүү жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |