Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/1.8
Орто-Нура айылында түзүлгөн Орто-Нура үрөн фондусуна Мамлекеттик фондунун айыл чарба жеринен үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн ижарага баштапкы баа менен жер аянттарын түз берүү жөнүндө
Орто-Нура айылында түзүлгөн Орто-Нура үрөн фондусуна Мамлекеттик фондунун айыл чарба жеринен үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн ижарага баштапкы баа менен жер аянттарын түз берүү зарылчылыгы келип чыгууда. Муну мыйзам да көтөрөт, себеби ушул өңдүү үрөн чарбалар жана асыл тукум чарбалары колдоого алынат жана түз жергиликтүү Кеңештин чечими менен берилет деп жазылган.
Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура үрөн чарбасына Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринен ижарага баштапкы баа менен жер аянттары түз берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |