Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/3
“Эки-Нура” ИСКАКБынын 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
“Эки-Нура” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси калкты таза суу менен камсыз кылууда 2016-жылга тарифтик аткарылыш планды (ар бир айга) 14000 сомдон, ар бир жанга 15 сомдон, үйүнө суу киргизгендерге уруксаат 5 миң сомдон, үйүнөн киргизгенден кийин 17 сомдон, банялар үчүн айына 200 сомдон төлөмдөрдү бекитүү жагы жана төлөм акыларды чарба китебиндеги каттоо боюнча же учурда жашап жаткан адамдарга жүргүзүү жагын чечип берүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эки-Нура” ИСКАКБынын 2016-жылга бекитилсин.
2. Төлөмдөр чарба китебиндеги каттоо боюнча ар бир жанга жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |