Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/4
20-февраль 2016-жылдагы Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясына №25/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясына №25/4 токтому менен мал сатууга 20-сомдон, кызмат көрсөтүү үчүн акы алуу ар кандай кызматтар үчүн 5-сомдон төлөм (кызмат көсөтүү) алуу бекитилген. Бирок бул төлөм салык кодексине туура келбегендигине байланыштуу жогорудагы сессиянын чечимине өзгөртүү киргизилсин.
Айыл өкмөтүндөгү:
1. Мал сатууга жана ар кандай маалыматтар (справкалар) кызмат көрсөтүүсүз бекер берилсин.
2. Мыйзамга ылайык каттоодо турган 1021 түтүндөн мусор үчүн (өз ара салык) катары 100 (бир жүз) сомдон акы алынсын.
3. Ар бир алынган төлөмгө квитанция кыркылып ай сайын банкка төгүлүп турулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |