Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/6
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Нарын райондук башкармалыгы 11-февраль 2016-жылдагы №14 катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жеке менчик ветеринардык сервистерди иштөөдө мүмкүнчүлүк түзүп, айыл тургундарынын малын ветеринардык жактан тейлөөдө прейскуранттарды сунуштаган. Прейскуранттарды карап көрүп Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жеке менчик ветеринардык сервистердин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп, айыл тургундарынын малын ветеринардык жактан тейлөөдөгү прейскурантынын негизинде бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго жана айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча ветеринардык адисине тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |