Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 26/7
Төш-Булак айылына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген трубаларды алмаштыруу жөнүндө
Төш-Булак айылына 2009- жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан азбест трубалар пайдаланууга берилген. Бирок ал трубаларды пластмасса трубаларга алмаштыруу ыңгайлуу экендиги Төш-Булак айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун токтому менен бекитилген.
Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төш-Булак айылына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген азбест трубаларды пластмасса трубаларга алмаштырууга уруксаат берүү жагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын областтык башкармалыгынан суралсын.
2. Трубалардын так туура алмаштыруу Төш-Булак айылынын айыл башчысы Белек уулу Турдакунга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |