Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 27-октябры № 16/3
Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгу мыйзамынын жана «Улуттук кургак учук-3 программасын» аткарууда саламаттыкты сактоо мекемелеринин, ФАПтардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгу мыйзамынын жана «Улуттук кургак учук-3 программасын» аткарууда саламаттыкты сактоо мекемелеринин, ФАПтардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Жоош айылдык кеңешинин депутаты Н.Раманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, ФАПтардын Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгу мыйзамынын жана «Улуттук кургак учук-3 программасын» аткарууда жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|