Редакцияот 27.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы

 

2015-жылдын 27-октябры № 16/5

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын аткарылышынын абалы жөнүндө

Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында мекеме-ишканаларда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын аткарылышынын абалы жөнүндө Жоош айылдык кеңешинин депутаты Х.Сматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы  мекеме-ишканаларда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын аткарылышынын абалы боюнча жүргүзүп жаткан иштери  канааттандырарлык деп табылсын.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде мамлекеттик тил боюнча бурчтарды уюштуруу Жоош үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Т.Таевага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов