Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 27-октябры № 16/6
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адиси Ж.Д.Жоробаевдин арызын кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адиси Ж.Д.Жоробаевдин арызы боюнча Жоош айылдык кеңешинин депутаты А.Ормонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы сибирь жарасынын 3 чордонунун айланасын тосуу үчүн Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин сметасында акча каражаты калбагандыгына байланыштуу 2016-жылдын бюджетинде акча каражатын кароо жагы сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|