Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 27-октябры № 16/6-1
Ар түрдүү маселелер («Абзел» ИСКАКБ билдирүүсүн кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Абзел» ИСКАКБ» жетекчиси депутат Т.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү таза сууга төлөнүүчү тарифтерди которуу үчүн коомдук угуунун токтому жоктугуна байланыштуу кийинки сессияда кароого калтырылсын. Ичүүчү таза суунун тарифтерин которуу боюнча коомдук угуу өткөрүү жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|