Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 27-октябры № 16/6-2
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Сезим» майыптардын коомдук фондунун төрагасы К.Майнаевдин арызын кароо жөнүндө)»
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Сезим» майыптардын коомдук фондунун төрагасы К.Майнаевдин арызы боюнча Жоош айылдык кеңешинин депутаты А.Ормонованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн кире беришине майыптар үчүн тепкич жасатуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбековага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|