Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 27-октябры № 16/6-3
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну депутат К.Жоробаевдин арыздарын кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну депутат К.Жоробаевдин арыздары боюнча Жоош айылдык кеңешинин депутаты М.Алимбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин 3,0 га жаңгак багынын ижара акысын 50 пайызын жеңилдетип берүү жагы каралсын жана бул маселе боюнча иштерди аткаруу Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Кадырбековго жүктөлсүн.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин сметасында ГСМ үчүн атайын айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасына эсеп түзүлгөндүктөн соляркага акча каражатын бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк жок экендиги белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу боюнча жана экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|