Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 16-октябры № 16/6-7
Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 22.09.2015-ж. протоколун бекитүү жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылында 22.09.2015-ж. өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколун карап жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу максатында Питомник-Бирдик айылына электр линияларын тартуу, КТП орнотуу үчүн 2015-2017-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Жоош айылдык кеңешинен Питомник-Бирдик айылына электр линияларын тартуу жана КТП орнотуу боюнча сунушталган микродолбоорду облустук комиссиянын кароосуна жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|