Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 16-октябры № 16/6-8
Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин арыздарын карабоо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну депутат К.Жоробаевдин жазган арыздары чындыкка туура келбей, кээ бир депутаттардын жана бийлик адамдарынын абийирине шек келтирип айылдык кеңештин компетенциясына кирбеген маселелерди арыз катары жазып келип сессия болуп жаткан күнгө арызды кароо жөнүндө сунуш киргизип, ал арыздардын бир канчасын комитеттерде карап чындыкка туура келбегендиги жөнүндө өз корутундуларын беришкен. Ошондуктан Мамажан айылынын тургуну депутат К.Жоробаевдин жазган арыздарын мындан ары карабоо жөнүндө комитет башчыларынын билдирүулөрүн карап жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну депутат К.Жоробаевдин жазган арыздары чындыкка туура келбей, айылдык кеңештин компетенциясына кирбеген маселелерди жазгандыктан мындан ары Мамажан айылынын тургуну депутат К.Жоробаевдин жазган арыздары каралбасын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|