ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-декабры № 18/3
Ар турдуу маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Султан-Наз» СПАСынын жетекчиси С.Мамаюсупованын билдирүүсү жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Султан-Наз» СПАСынын жетекчиси С.Мамаюсупованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу боюнча сугат суу келүүчү арыктарды жана каналдарды реабилитациялоо жүрүп жаткандыгына байланыштуу Кызыл-Кошчу, Мамажан, Маданият, Бирдик, Питомник, Большевик, Агартуу, Коммунизм, Калинин, Гайрат айылдарындагы сугат суу келүүчү арыктардын жана каналдардын жээктерине өз башымча эгилген тал-теректер, тыттарды алып салуу үчүн жаратылышты коргоо жана экология инспекциясы менен макулдашуу жүргүзүлүп, бак-дарактардын ээлерине тез арада алуу жагы эскертилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|