Редакцияот 12.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 12-декабры № 18/3-2

Ар турдуу маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Калинин айылынын тургундарынын 12.09.2015-ж. жана Ак-Жар айылынын тургундарынын 10.11.2015-ж. элдик жыйындарынын протоколдорун кароо жөнүндө)

Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылынын тургундарынын 12.09.2015-жылдагы маданият үйүнө А.Оморовдун атын коюп берүү жөнүндөгү жана Ак-Жар айылынын тургундарынын 10.11.2015-жылдагы мечитке Абдраим-Ата наамын берүүгө сунушталган элдик жыйындарынын протоколдорун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVIII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Айылдардын жана мекеме-ишканалардын аттарын өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган  мораторийдин негизинде жогоруда аталган аттарды коюу жагы токтотулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов