Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVIII сессиясы
2015-жылдын 5-февралы № 3
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетинин 2015-2016-2017-жылдырга
болжолдуу кирешесин бекитүү жана
2015-жылга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-2016-2017-жылдарга болжолдуу кирешесин жана 2015-жылдын болжолдуу бюджетин бекитүүнү карап жана талкуулап, Ак-Татыр айылдык кеӊешинин III чакырылышынын ХХVII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга болжолдуу кирешеси 8298,3 миң сом, 2016-жылга 8348,5 миң сом жана 2017-жылга 8404,0 миң сом менен бекитилсин. (№1.Тиркеме тиркелет)
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2015-жылга болжолдуу бюджети киреше жана чыгашасы 8038,0 сом жана атайын эсебине ата-энелерден түшкөн жыйым 260,3 миң сом бардыгы болуп 8298,3 миң сом менен бекитилсин жана сметанын негизинде иштетилсин. (№2.Тиркеме тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |