Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVIII сессиясы
2015-жылдын 5-февралы № 8
Чет-Кызыл участкасынын түштүк тарабынан өткөн жолду
мамлекеттик жалпы жол балансасына өткөрүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл участкасынын түштүк тарабынан Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылына өткөн 3,5 км жол өтө начар абалда. Аны ремонттоого айыл өкмөтүнүн бюджети жетишсиз.
Ошондуктан бул жолду мамлекеттик жалпы жол балансына өткөрүп берүү маселесин талкуулап жана карап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл участкасынын түштүгүнөн Чоң-Талаа айылына өткөн 3,5 км авто жол Транспорт жана коммуникация министирлигинин жалпы жол пайдалануу балансасына өткөрүп берүү жагы суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана жер боюнча туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |