АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVIII сессиясы
2015-жылдын 5-февралы № 10
2015-2017-жылдарга Ак-Татыр айыл аймагынын социалдык-экономикалык
өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруудагы, Ак-Татыр айыл аймагынын 2015-жылдын “01” февлаь №8 токтому менен кабыл алынган “Ак-Татыр айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатында Ак-Татыр айылдык Кеңеши
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. “2015-2017-жылдарга Ак-Татыр айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында” кабыл алынган иш-чараларынын планы жактырылсын.
3. Ак-Татыр айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш-чараларды экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комисиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык Кеңештин сессияларында кароо жагы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Татыр айылдык Кеңешинин экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |