Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVIII сессиясы
2015-жылдын 19-марты № 1
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн шайлоо округдарына бөлүнгөн мандаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кенешинин депутаттарынын ыйгарым укуктуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу КР нын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчилике, Ак-Татыр айылындагы калктын саны 3550, Рават айылындагы калктын саны 2370 жана Орто-боз айылындагы калктын саны 1010 экендигин эске алып, угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык кеӊешинин III чакырылышынын XXVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн шайлоо округдарына бөлүнгөн 21 мандаты Ак-Татыр шайлоо округуна 11 (он бир), Рават шайлоо округуна 7 (жети) жана Орто-Боз шайлоо округуна 3 (уч) мандат болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен аймактык шаайлоо участкасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеӊешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин чындоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |