Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVIII сессиясы
2015-жылдын 19-марты № 7
Токой чарбасынын иш-планын жана мал башына
төлөнүүчү тарифин бекитүү жөнүндө
Токой чарбасынын иш-планын жана мал башына төлөнүүчү тарифине өзгөртүүлөрдү кийирүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеӊешинин III чакырылышынын XХVIII кезекcиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токой чарбасынын 2015-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин (тиркемеде тиркелет)
2. 2015 - жыл үчүн мал башына төлөнүүчү тарифи бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбекке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |