Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVIII сессиясы
2015-жылдын 19-марты № 8
Жайыт комитетинин 2015-жылга Түзүлгөн бюджетин, иш-планын жана
жайытка чыгаруучу мал башына төлөнүүчү тарифин бекитүү
Жайыт комитетинин 2015-жылга түзүлгөн бюджетин, иш-планын жана жайытка чыгуучу мал башына төлөнүүчү тарифин бекитүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеӊешинин III чакырылышынын XХVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2015-жылга түзүлгөн бюджети, иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жайыттарын эффективдүү пайдаланууда жайлоого чыккан атуулдардын малдарына жайыт төлөмү Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнө төмөндөгүдөй бекитилсин.
А) Ири мүйүздүү малдарга – 80 сом
Б) Кой-эчкилерге – 24 сом
В) Жылкы -120 сом
Г) Топоздорго – 120 сом
3. Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн малдарынан башка малдарга жайыт төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
А) Ири мүйүздүү малдарга – 200 сом
Б) Кой-эчкилерге – 50 сом
1. 2015-жылдын 1-июнуна чейин кышкы жайыттардагы мал жандыктар жайкы жайыттарга көчүрүлүп чыгарылсын, жайкы жайыттардан кышкы жайыттарга 30-сентябрдан кийин көчүрүлүп түшүрүлсүн.
2. Жайытка чыккан ар бир түтүнгө 800 сом түтүн пулу алынсын.
3. Кургаган бадалдарды отун катары пайдалангандыгы үчүн 1 кубуна 300 сом алынсын.
4. Жайлоого чыккан малдарга айыл өкмөтүнөн жана малдардын эмделгендиги
тууралуу вет адисинен справкалар талап кылынсын жана жайыт комитетине малдардын санын эсепке алууга укук берилсин.
5. Малдарды жайыттарга чыгаруу боюнча штаб түзүлсүн жана жооптуу адамдар бекитилсин.
6. Жайыттарга чыгаруудан 30 күн мурда пландар түзүлүп, жайлоолорго баруучу жолдор, мал багуучулардын жана малдын саны такталып келишим түзүлсүн.
7. Жайыттарды өздөштүрүп алган жарандар үчүн 0,01 га жерге 10 сомдон төлөнсүн.
8. 2009-жылга чейин өздөштүрүлүп айдоо аянты катары пайдаланылган жайыттардан 0,01 га жерге 20 сомдон акы алынсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |