Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июлу № 4
2015-2017-жылдарга Ак-Татыр айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруудагы, “Ак-Татыр айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатында Ак-Татыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. “2015-2017-жылдарга Ак-Татыр айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында” кабыл алынган иш чараларынын планы жактырылсын.
3. Ак-Татыр айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш-чараларды экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык кеӊештин сессияларында кароо жагы белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеӊешинин экономика, бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |