Редакцияот 05.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IV сессиясы

 

2015-жылдын 5-сентябры № 1

Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү таза суу ишканаларынын тарифин бекитүү жөнүндө

Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү таза суу ишканаларынын тарифин бекитүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын IV кезектеги сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү таза суу ишканаларынын тарифтери төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

- Ар бир жан башына (бир айга) – 7 сом

- Коммерский жактар үчүн (бир айга) – 1000 сом

- Мекеме ишканаларга (бир айга) – 300 сом

2. Ар бир чыгарылуучу кранттарга d=0,15 труба коюлсун, Андиген таза суусу ичүүгө гана пайдаланылсын.

 3. Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарында Андиген таза суусуна Кудаяров Манас, Кшемиш жайлоосунан келүүчү таза сууга Урустомов Усөнгө көзөмөлдүк кылуу жагы милдеттендирилсин.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ак-Татыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Иметов