Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-октябры № 3
Ак–Татыр айыл өкмөтүндө, 2015-жылда артып калган гранттын акчасын которуштуруу жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Рават айылында угулуп, талкуулангандыгынын негизинде Ак-Татыр айылдык кеӊешинин IV чакырылыштын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы суммасы 280мин сом гранттан артып калган акчаны ички муктаждыктарга байланыштуу Ак – Татыр айылындагы аэропорт участкасына трансформатор коюу үчүн 200 миң сом, Ак – Татыр жана Орто – Боз айылдарына ПРООНдун проектиси менен курулуп жаткан таза суу линиясына 80 миң сом которулсун.
2. Ак – Татыр айыл өкмөтүндөгү балдар бакчаларда смета боюнча 260,3 миң сом акчанын ордуна 329,018 миң сом ата-энелерден тамак аш үчүн жыйналгандыктан. 68718 сом акча балдар бакчасынын сметасына кошулуп берилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде акчаларды которуштуруу жагы ФЕБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эшмурзаевге милдеттендирилсин.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |