Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-февралы № 1
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы Гулматов Толкунбектин 2013-жылдын
отчетун угуу жана 2014-жылдын болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы Гулматов Толкунбектин 2013-жылдын отчетун угуп, талкуулап жана Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө карап чыгып, Ак-Татыр айылдык кеӊешинин III чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы Гулматов Толкунбектин отчету канааттандырарлык деп табылсын. (Тиркеме тиркелет)
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2014-жылга болжолдуу бюджети алымча кошумчасы менен 6612400 сом менен бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |