Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-февралы № 6
Жайыт комитетинин 2014-жылга түзүлгөн иш-планын жана
жайытка чыгаруучу мал башына төлөнүүчү тарифин бекитүү
Жайыт комитетинин 2014-жылга жайытка чыгуучу мал башына төлөнүүчү тарифин бекитүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2014-жылга тузулгон иш-планы бекитилсин.
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жайыттарын эффективдүү пайдаланууда жайлоого чыккан атуулдардын малдарына жайыт төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
А) Ири мүйүздүү малдарга – 80 сом
Б) Кой-эчкилерге – 24 сом
В) Жылкы -120 сом
Г) Топоздорго – 120 сом
3. 2014-жылдын 1-июнуна чейин кышкы жайыттардагы мал жандыктар жайкы жайыттарга көчүрүлүп чыгарылсын.
4. 2009-жылга чейин өздөштүрүлүп айдоо аянты катары пайдаланылган жайыттардан 1 сотых жерге 20 сомдон акы алынсын.
5. Жайытка чыккан ар бир түтүнгө 800 сом түтүн пулу алынсын.
6. Кургаган бадалдарды отун катары пайдалангандыгы үчүн 1 кубуна 300 сом алынсын.
7. Жайыттардагы мал сугарылуучу жайларда малдардын суу ичүүсүнө тоскоолдук кылбай турган шартта, жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу же тоют даярдоо максатында жайыт пайдалануучуларга убактылуу башка максатта пайдаланууга келишимдин негизинде берилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |