Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 2
Терра Компании” ЖЧКнун жазган каты жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынан “Терра Компании” ЖЧКнын сатып алган жер участогунун максаттык багытын өзгөртүп берүү боюнча жазган катын карап чыгып, КРны Жер кодексинин 12, 13-статьяларына ылайык Ак-Татыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынан “Терра Компании” ЖЧКнын сатып алган, идентификациялык коду: 8-01-07-1002-0453 болгон жер участогуна “Скайл Мобайл” уюлдук байланыш түйүнүн куруу үчүн уруксат берилсин жана максаттык багыты “уюлдук байланыш түйүнү үчүн” деп өзгөртүлүп окулсун.
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн салык маселеси боюнча башкы адиси Б.Гапаров Рават айылындагы “Терра Компании” ЖЧКнын сатып алган 25,0 ч.м жер участогунун максаттык багыты өзгөргөндүгүнө байланыштуу жер салыгын өзгөртүп эсептөө жагы тапшырылсын
3. Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун максаттык багытын өзгөртүп каттатып берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |