Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 3
Жайыт комитетинин 2014-жылга түзүлгөн иш-планын жана
жайытка чыгаруучу мал башына төлөнүүчү тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү
Жайыт комитетинин 2014-жылга жайытка чыгуучу мал башына төлөнүүчү тарифине өзгөртүүлөрдү кийирүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык Кенешинин III чакырылышынын XIХ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнөн малдарынан башка малдарга жайыт төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
А) Ири мүйуздүү малдарга (айына)– 40 сом
Б) Кой-эчкилерге (айына)– 10 сом
2. Жайлоого чыккан малдарга айыл өкмөтүнон жана малдардын эмделгендиги тууралуу вет адисинен справкалар талап кылынсын жана жайыт комитетине малдардын санын эсепке алууга укук берилсин.
3. Малдарды жайыттарга чыгаруу боюнча штаб түзүлсүн жана жооптуу адамдар бекитилсин.
4. Жайыттарга чыгаруудан 30 кун мурда пландар түзүлүп, жайлоолорго баруучу жолдор, мал багуучулардын жана малдын саны такталып келишим түзүлсүн.
5. Жайыттарды өздөштүрүп алган жарандар үчүн 0,01 га жерге 10 сомдон төлөнсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |