Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 1
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай – Рават жолун куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү боюнча 2014-жылдын 22-июлундагы №56 токтому жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай – Рават жолун куруу максатында 2014-жылдын 22-июлундагы №56 токтомун кароо Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-статьясына ылайык Ак-Татыр айылдык Кенешинин III чакырылышынын XXIV кезекcиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтунө караштуу Ак-Сай – Рават жолун куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү боюнча 2014-жылдын 22-июлундагы чыгарылган токтому бекитилсин.
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай – Рават жолун куруу үчүн бөлүнүп берилген жер аянтын документтештирүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоо башкармасынан, Баткен райондук архитектурасы жана шаар куруу башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |