Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 3
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу «Тамдык» чек ара бекетин куруу үчүн 0,60 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу «Тамдык» чек ара бекетин куруу үчүн 0,60 га жер аянтын бөлүп берүү боюнча угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV кезекcиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу «Тамдык» чек ара бекетин куруу үчүн 0,60 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу «Тамдык» чек ара бекетин куруу үчүн 0,60 га жер аянтын документтештирүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоо башкармасынан, Баткен райондук архитектурасы жана шаар куруу башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |