Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 7
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Эшмурзаевдин ишин кароо жөнүндө
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Эшмурзаевдин ишин кароо боюнча угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV кезекcиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айылдык Кеңеши тарабынан 2014-жылы чыккан токтомдорун 2014-жылдын 31-октябрына чейин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Ж.Эшмурзаевке милдеттендирилсин.
2. Ак-Татыр айылдык Кеңешинен 2014-жылы чыккан токтомдорду Мамлекеттик каттоодон өткөрбөгөндүгү жана сессиянын материалдарын өз убагында даярдабагандыгы учун Ж.Эшмурзаевке чара көрүү жагын Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |