Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 2
Рават айылындагы ишке киргизилген Рават-1, Рават-2 скважиналарын жана Ак-Татыр айылынын Аэропорт участкасындагы насостук бекеттинин чыгымдарын мамлекеттик бюджетке өткөрүү жөнүндө
Рават айылындагы ишке киргизилген Рават-1, Рават-2 скважиналарын жана Ак-Татыр айылынын Аэропорт участкасындагы насостук бекеттинин чыгымдарын мамлекеттик бюджетке өткөрүү жөнүндө угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XХVI кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рават айылындагы ишке киргизилген Рават-1, Рават-2 скважиналарын жана Ак-Татыр айылынын Аэропорт участкасындагы насостук бекеттинин чыгымдарын (электр энергия, жумушчулардын эмгек акысы, капиталдык жана текущий ремонт) мамлекеттик бюджетке толугу менен өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктүлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |