Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-февралы № 35/1
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Б. Абдылдаевдин кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен былтыркы жылдан калган 2 650 000 сом акча каражатынан, жайыт комитетине өздүк салым үчүн 700 000 сом бөлүнүп берилсин;
2. Ак-Муз айыл өкмөтүнө ПРООНдун проектиси аркылуу келген турбалардан, жайыт комитетине 3 турба бөлүнүп берилсин;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |