Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-февралы № 35/2
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООНдун проектисинен
түшкөн акча каражатты бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ПРООНдун проектисинен түшкөн 134 000 сом акча каражатынан 105 500 сому муниципалдык СТО ачуу үчүн, 24 400 сому ветеринардык клиника ачууга жумшалсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |