Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 36/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2016-жылга жергиликтүү бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;
2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
2. Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 1 871 500 сом;
3. Теңдештирилген грант – 7 195 200 сом.
Баардыгы: 9 066 700 (жети миллион алтымыш алты миң жети жүз) сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1) Башкаруу аппаратына – 6041.9 сом; Р-701 11
2) Маданият тармагына – 583.4 сом; Р-708 23
3) Китепкана 184.9 сом Р-708 21
4) Мектеп - 1 550,0 сом; Р-709 21
5) Бала бакчага – 706.5 сом; Р-709 11
Баардыгы: 9 066, 7 (тогуз миллион алтымыш алты миң жети жүз) сом
3. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;
4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: А.Шеримбековага тапшырылсын;
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |