ТоктомКүчүндө

Ак-Муз айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-февралындагы № 36/2 «Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2015-жылдан калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция29.02.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2016-жылдын 29-февралы № 36/2

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2015-жылдан калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

1) Жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдан калган 2 650 000 сом ;

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

2. Айылдык Кеңештин төрагасына айлык акыга:

2015-жыл үчүн: 985,71 сомдон 5 кезектүү сессияга 4 928,55 сом;

2016-жыл үчүн: 985,71 сомдон 10 кезектүү сессияга 9 857,1 сом;

 Жалпы: 14 785,65 сом

3. Аксакалдар сотунун айлык акысына: 1 500 сомдон 12 айга 18 000 сом;

4. Парктын кароолчусуна айлык акы: 5000 сомдон 12 айга 60 000 сом;

5. Спорт инструктордун айлык акысы: 3 750 сомдон 12 айга 45 000 сом;

6. Сой.фондук чегерүүлөргө 17,25% 23 768 сом;

 Жалпы: 161 553,65 сом

7. Мекемелердин электр энергиясына акы 687 200 сом;

8. Жайыт комитетине атайын техника алууга өздүк салым үчүн700 000 сом;

9. Айыл өкмөтүнө атайын техника сатып алууга 1 077 579 сом;

 Жалпы: 2 650 100 сом

10. Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөнн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: А. Шеримбековага тапшырылсын;

11. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

12. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков