Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 36/4
Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору (ПСИ № 3) аркылуу кичи футболдук аянтын салууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору (ПСИ № 3) аркылуу ишке ашып жаткан кичи футболдук аянтын салууга жергиликтүү бюджеттен 55 500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын сметага ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Шеримбековага тапшырылсын;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |