Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 36/5
Ак-Муз айыл аймагында ветеринарлардын прейскураттын бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарба боюнча адиси Ү.Саалаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагында ветеринарлардын тейлөөсүн жакшыртуу жана экономикалык-социалдык абалын көтөрүү максатында ветеринардык кызмат көрсөтүү акысы айыл аймагында бирдей баада бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |