Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 36/6
Айылды инвестициялоо үчүнчү долбоору (ПСИ № 3) аркылуу бала бакчага жаңы имарат салууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылды инвестициялоонун үчүнчү (ПСИ № 3) долбоору аркылуу ишке ашырылып жаткан бала бакчага жаңы корпус салууга жергиликтүү бюджеттен 1000,0 (бир миллон) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга карата кайрадан иштелип чыккан өнүгүүнүн планы жактырылсын;
3. Бөлүнгөн акча каражатын атайын сметага ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Шеримбековага тапшырылсын;
4. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдары жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын;
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |