Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 36/7
ПРООН тарабынан каржыланган долбоорлордун кошумча сметасын бекитүү жөнүндө
(атайын каражат)
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООН тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун (атайын каражатын) сметасы бекитилсин;
- Муниципалдык СТО ачууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 301 400 сом;
2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын сметага ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Шеримбековага тапшырылсын;
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдары жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын;
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |