Редакцияот 18.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2016-жылдын 18-марты № 37/2

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б.Абдылдаевдин сунушунун негизинде Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын;

2.Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин.

2016-жылга жалпы бюджет 450 400 сом;

-143 869 сом жайыттарды жакшыртууга;

-3000 сом жайлоо бала бакчасына;

-119 691 сом жайыт акы үчүн төлөмгө;

- 84 000 сом төраганын айлык акысы;

-60 000 сом бухгалтердин айлык акысы;

-24 840 сом 17,25 % социалдык төлөмгө;

-12 000 сом транспорттук чыгым үчүн;

-3000 сом концелярдык товарга;

3. Мурунку жылдардан чогулбай калган жалпы 74 000 сомду чогултуп, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

-40 000 сомду карышкыр аткандарга сыйлык катары ар бир карышкыр үчүн 5000 сомдон берилсин;

-34 000 сом АРИС проектиси тарабынан курулуп жаткан демонстрациялык участокко эмгек акы үчүн берилсин;

4.2016-жылга бир баш малга төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:

-50 сом бир баш бодого, тыштан келгенге 100 сом;

-10 сом бир баш кой-эчкиге, тыштан келгенге 20 сом;

1. Жаш төл үчүн жайыт акы алынбасын;

2. Токой чарбанын жайыт жерин пайдаланган айыл тургундары үчүн жайыт акынын 70 % төлөнсүн;

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин башчысы Б. Абдылдаевге тапшырылсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков