Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июну № 39/2
Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду» өрөөнүндөгү жайыт
пайдалануучулардын кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагын “Бороонду” өрөөнүнү жайыт пайдалануучуларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бороонду» өрөөнүнө электр чубалгылары тартылгында акча каражат кошпой баш тарткан жарандарга, кийин электр жарыгын тартып алуу үчүн айыл өкмөтүнө 20 000 сом өлчөмүндө акча төккөндөн кийин электр жарыгын кошууга уруксаат берилсин.
2. Райондук электр тармактар ишканасына «Бороонду» өрөөнүнөн электр энергиясына кошуп берүүнү суранган жарандарга айыл өкмөтүнүн уруксааты жок кошуп бербөө жагы суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Абдыбеков |