Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 40/2
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Б.Абдылдаевдин билдирүүсү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Б.Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагында 13-июндан 15-июнга чейинки жаан-чачындын көп болуусуна байланыштуу кырдаалга байланыштуу сактоо жана кечиктирилгис иш-чараларды көрүү максатында төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
-А. Капатов – комиссиянын төрагасы;
-Э.Алымкулов – комиссиянын катчысы;
-У.Мокешов – комиссия мүчөсү;
-А.Айыпов – комиссия мүчөсү;
-Н.Шамуратов – комиссия мүчөсү;
2. Түзүлгөн комиссия курамына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынан бир адис жана райондук ӨКМнын бөлүмүнөн бир адис кошуп берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Абдыбеков |