Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 40/4
Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасынын директоруна талапкер сунуштоо жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасынын директорлугуна Айыпов Акылбек Жанболотович сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |