БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айылдык кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 15-апрели № 17
Байзак айыл аймагынын 2016-жылдын бюджетинен АРИС тарабынан курула турган жаңы Балдар бакчасынын курулушу иштерине үлүштүк кошумча бөлүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын 2016-жылдын бюджетинен АРИС тарабынан курула турган жаңы Балдар бакчасынын курулушу иштерине үлүштүк кошумча бөлүү жөнүндө Байзак айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Байзак айылынын Орто Кууганды чөлкөмүнө жаңы бала бакчанын имаратын салуу үчүн байзак айыл өкмөтүнүн бюджетинен 875 000 сом акча каражаты үлүштүк кошумча катары бөлүнсүн
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүң аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «jumgal.kg» сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Айылдык Кеңештин төрагасы өзүмө калтырамын.
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Шурубеков |