Редакцияот 10.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

2015-жылдын 10-июну № 6-20-2

Жерге-Тал айылынын Канал көчөсүнө

маркум Барпиев Алибайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

Жерге-Тал айылдык кеңешине Жерге-Тал айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнөн жана Аксы районунун акын жазуучуларынан балдарынан келип түшкөн кайрылууну жана Жерге-Тал айылынын Канал көчөсүнүн тургундары тарабынан өткөрүлгөн чогулуштун токтомун карап жана талкуулап,жергиликтүү кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айылынын Канал көчөсүнө маркум Барпиев Алибайдын ысмы ыйгарылсын.

2. Канал көчөсүн маркум Барпиев Алибайдын атына Аксы райондук кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик каттоо башкармалыгында каттатуу жагы айыл өкмөттүн жер адиси К.Сагынбаевге тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кеңештин укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ботоевге милдеттендирилсин.

 

Жерге-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Муратбеков