ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2015-жылдын 10-сентябры № 6-22-1
Жерге-Тал айылынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жерге-Тал айылынын социалдык-экономикалык жактан өсүп, өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн Исманов Камалбекти Жерге-Тал айылынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап ,айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге -Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп-онүгүүсүнө кошкон жигердүү салымы үчүн Жалал-Абад ПЛУАДД-6 ишканасынын башкы инженери Исманов Камалбекке Жерге-Тал айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин укук боюнча туруктуу комиссиясынын түрагасы А.Ботоевге тапшырамын.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков |