Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-сентябры № 6-23-1
Рыскулбек Абдылдаев атындагы “Назик” мектепке чейинки
билим берүү уюмун ишке киргизүү боюнча уюштуруу иштери жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагында Боспиек айылында жаңы ачылган балдар бакчасынын ата-энелер жыйымын пайдалануу жөнүндө токтомун окуп жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңештин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айылындагы жаңы ачылган балдар бакчасы уюшулуп, 2015-2016-окуу жылына ачылгандыгы белгиленсин.
2. Боспиек айылынын балдар бакчасында тарбиялануучулардын ата-энелеринин чогулушунун токтомунун негизинде бир айга ата-энелер төгүмү (род плата) бир тарбиялануучуга 500-00 сомдон белгиленсин.
3.Топтолгон акча каражатынын 151,3 мин сому тамак-аш (22181100) статьясына, 22,6 миң сому ар түрдүү чыгым (22154900) статьясына жумшалсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясына (Н.Тургунбаева ) жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |